Бугу 16, 2024
Убакыт: 21:16
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Кыргызстан Евро Биримдиктен дары-дармек алууга көмөктөшүүсүн өтүндү

23.07.2020 13:39
1010
Кыргызстан Евро Биримдиктен дары-дармек алууга көмөктөшүүсүн өтүндү


Кечээ, 22-июлда тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү П.Буриан менен видеоконференция аркылуу байланышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы эки жана көп тараптуу кызматташтыкты күчөтүү маселелерин талкуулады.

Евро Биримдиктин ыкчам көңүл буруп, билим берүү, социалдык коргоо секторлору үчүн бюджеттик колдоонун алкагында каатчылык менен күрөшүүдө өзгөчө муктаждык үчүн 36 млн евро өлчөмүндө кошумча колдоо көрсөтүү жөнүндө билдирүүсү үчүн кыргыз тарап ыраазычылык билдирди. Ошондой эле бүгүнкү күндө ар кайсы өлкөлөрдөн, анын ичинде ЕБ өлкөлөрүнөн келип жаткан азык-түлүк, медициналык жабдыктар түрүндөгү гуманитардык жардамдар үчүн дагы ыраазычылык билдирилди.

Министр Ч.Айдарбеков ошондой эле ЕБ-ДСУ механизми аркылуу, атап айтканда 2020-жылдын 20-июлунан тартып иштей баштаган “Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү «COVID-19»: каатчылыкка көңүл буруу чаралары» (CACCR) барын камтуучу тилектештик пакети” деп аталган Евро Биримдиктин жаңы долбоору аркылуу дары-дармек каражаттарын алууга көмөк көрсөтүү өтүнүчүн билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн