Жетинин айы 01, 2024
Убакыт: 10:29
USD
85.65
86.15
EUR
92.70
93.70
RUB
0.875
0.915

Кыргызстан Германиянын ийгиликтүү тажрыйбасын билим берүү мекемелерине колдонууга даяр

17.07.2023 15:17
319
Кыргызстан Германиянын ийгиликтүү тажрыйбасын билим берүү мекемелерине колдонууга даяр


Билим берүү жана илим министринин орун басары Бекжан Супаналиев Бавариянын Экономика, аймактык өнүктүрүү жана энергетика мамлекеттик министрлигинин статс-катчысы Роланд Вайгерт башында турган Германия Федеративдүү Республикасынын делегациясы менен жолугушту.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптар кызматташуунун учурдагы абалын жана келечекте кызматташтыкты бекемдөөгө түрткү боло турган кадамдарды талкуулады.

Бекжан Супаналиев Кыргызстан учурда кесиптик билим берүүнү артыкчылыктуу багыт катары көрөрүн, бул жаатта Германиянын ийгиликтүү тажрыйбасын билим берүү мекемелерине колдонууга даяр экенин билдирди.

Роланд Вайгерт ушул жылдын ноябрь айында Германияда кыргыз-герман экономикалык форуму өтөрүн айтып, форумда эки элдин кызматташтыгын мындан ары бекемдөө боюнча бир нече сүйлөшүүлөр, макулдашуулар ишке ашырыларын кабарлады.

Ошондой эле Роланд Вайгерт Кыргызстандын кызматташууга мүмкүнчүлүгү кеңири экенин, айрыкча адам ресурстарын өнүктүрүү, санариптик өнүктүрүү жаатында тыгыз кызматташтык жүргүзсө болорун белгиледи.

Министрдин орун басары форум алгылыктуу долбоорлорду ишке ашырууга мыкты аянтча болорун, министрлик тиешелүү сунуштарды форумдун күн тартибине сунуштоого даяр экенин билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн