2023-жылдын I кварталында Кыргызстан жалпы суммасы 50 млн 296,009 долларга 822 кг 137,4 грамм алтын саткан. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин документинде айтылат.
Сатып алган өлкөлөр:
- Кытай (Гонконг) - жалпы суммасы 9 млн 698,859 миң долларга 167 кг 882,1 грамм;
- Швейцария - жалпы суммасы 40 млн 597,15 миң долларга 654 кг 255,3 грамм.
Пикирлер (1)