Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 14:52
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Кыргызстан Иран менен аба каттамдарын токтотту

13.03.2020 11:17
798
Кыргызстан Иран менен аба каттамдарын токтотту


Коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам Кыргызстан Иран менен аба каттамдарын убактылуу  токтотту.  Бул тууралуу Жарандык авиация департаментинин жетекчиси Курманбек Акышев журналисттерге билдирди. 


Анын айтымында, Тегеран-Дүйшөмбү-Бишкек-Тегеран каттамына убактылуу чектөө киргизилген. Тегеран-Дүйшөмбү-Бишкек-Тегеран каттамы 2019-жылы декабрдан тартып ишке кирген болчу.


Иран коронавируска чалдыккандар жана андан набыт болгондордун саны жагынан Кытай менен Италиядан кийинки орунда турат. 


Расмий Тегерандын маалыматы боюнча, Иранда оору 10 миңден ашуун кишиге жукту, илдеттен 429 адам көз жумду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн