Бугу 19, 2024
Убакыт: 16:39
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстан КМШда экономиканы калыбына келтирүү боюнча тажрыйба алмашат

30.05.2020 09:57
1011
Кыргызстан КМШда экономиканы калыбына келтирүү боюнча тажрыйба алмашат


Коронавирус боюнча кырдаал көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттер бири-бирине көз каранды экенин көрсөттү, деп билдирди вице-премьер-министр Эркин Асрандиев Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин өкмөт башчыларынын саммитинин онлайн жыйынында.

Ошондуктан өлкөнүн экономикалык, финансылык, социалдык жана гуманитардык чөйрөсү үчүн кесепеттерди жоюу тууралуу жамааттык чараларды иштеп чыгуу боюнча документ маанилүү жана аны кабыл алууну колдойбуз. Ошондой эле кыргыз тарап учурда КМШ өлкөлөрүндө экономиканын реалдуу секторун калыбына келтирүү жана ишкердик жигердүүлүктү өркүндөтүү боюнча тажрыйба алмашуу убактысы келди деп эсептейт”, - деди ал.

Мындан тышкары, вице-премьер учурда кризистен кийинки өнүгүүнү эске алуу менен, шериктештик мейкиндигинде экономикалык жигердүүлүктү этап-этабы менен калыбына келтирүү маселелери боюнча шайкеш иштөө маанилүү экенин билдирди. 

Эркин Асрандиев кызматташтыктын башка тармактарында, анын ичинде спорт, туризм жана жаштар саясатындагы маселелерди илгерилетүү боюнча иштер улантыларына ишенимин билдирди. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн