Кыргыздар «Колдо бар алтындын баркы жок» деп атам замандан бери айтып келатат. Бирок, ушул сөздүн маани-маңызын эркиндик, көз карандысыздык темасынан алганда көпчүлүк учурда таасын түшүнбөй эле келе жатат окшойбуз.
Көз карандысыз, суверендүү өлкө болгонубузга 29 жыл болду. СССРдин таркашы менен колубузга маңдай терди да, мээнетти да, аракетти да талап кылбастан тийип калган көз карандысыздыктын кадырына жетип жатабызбы? Өз алдынча мамлекет болгонубуздан бери улуттук мамлекетти куруу жана бекемдөө, этникалык өзгөчөлүктөрдү түзүү жана аны бышыктоо сыяктуу эң ириде жасай турган кадамдарды жасабадык. Кыргыздардын экономикалык маданияты мурда кандай болгон жана эми кандай болушу керек деген суроолор кызыктырбады.
Азыры күнгө чейин биз мамлекеттик башкаруунун президенттик же парламенттик түрү өнүгүүнүн өзөгү эмес экенин аңдай албай жатабыз. Андан көрө биз өзүбүздү өзүбүз башкарып, ошол эле убакта башка мамлекеттер менен тең укуктагы мамилени кура алабызбы деген суроону ойлонуп, ошонун тегерегинде аракеттерди жасашыбыз керек эле. Өзүн-өзү башкаруу жөндөмдүүлүгү - мамлекет деп аталат. Ал эми президенттикпи же падышалыкпы, а балким парламенттик башкаруубу, бул үчүнчү орунда турган маселе.
Үнү өктөм болбосо жана өзүмчүлдүк сапатты колдонбосо – анда ал мамлекет болуудан калат. Мамлекеттин кандай мамлекет боло турганы анын саясий, аскердик, экономикалык жана маданий мүмкүнчүлүктөрүнө жана дараметине жараша болот. Эгерде мамлекет күчтүү болгусу келсе, анда өзүнө гана таянуу менен үнүн өктөм чыгарып, өзүмчүлдүк менен мамлекетти куруусу зарыл. Күнүгө, саат сайын, мүнөт сайын куруш керек. Бул дүйнөдө эч ким эч кимден кайрымдуулукту күтүп отурбашы керектигин эстен чыгарбоо зарыл.
А биз 29 жылда эмне кылдык? Бар нерселерибиздин баарын талкаладык жана ар кимден жардам күтүп отурууну адатка айланттык. Индустриализация толугу менен талкаланды. Дүркүрөп өнүгүп келген айыл чарбаны да сызга отургуздук. Маанилүү кесиптерди жоготуп, жумушсуздукту арбыттык. Коомдук мамилелердин гумандуу болушун жоготтук. Саясий, экономикалык, административдик айдыңды криминалдаштырып жибердик. Ошондой эле үй-бүлө институтун да ыдыраттык.
Билим берүүнү жана саламаттыкты сактоонун деңгээли кескин төмөндөдү, жакырчылык калктын 30%ын камтыды. Мамлекеттеги өндүрүштүк экономикалык циклдердин иштеши, финансылык институттар, баа саясаты бири-бири менен таптакыр айкалышпай калды. Өнөр жай өндүрүшү баа параметрлерине туура келбейт, баалар колдо бар финансыдан көз каранды болбой калды. Мисалы, биздин баалар ошол эле Казакстандагыдай. Ал өлкөнүн ИДПсына салыштырмалуу биздин өлкөнүн ИДПсы жан башына 7-8 эсеге аз.
Айтор, кубанта турган жагдайлар аз. Өксүтө тургандары арбын. Ошентсе да «тепши иштен чыгып калды» деп айтууга болбойт. Дагы деле башты акырындык менен өйдө көтөрүп, мамлекетти оңдоп кетүүгө мүмкүнчүлүк бар. Дагы деле таланттуу адамдар жетиштүү.
Өзгөчө бүгүнкү күндөгү дүйнө мамлекеттерин убайга салып турган коронавирус пандемиясы Кыргызстандын жаңыча кадамдарга, жаңыча жашоого кадам таштоосуна ылайыктуу мүмкүнчүлүк болуп бергени турат.
Мамлекетти оң жолго салып, ар кимден алакан жайып «берчи» деп отурган абалынан өзүнө бекем ишенген абалга алып келүү үчүн эң ириде калктын ментальдык өзгөчөлүктөрүн белгилеп, аны жонуп-жонуп замандын талабына ылайыкташтыруу зарыл.
Отурукташып жашаган элдерде кимдир-бирөө коңшусу менен урушуп кетсе, кайра аны менен мамилени кантип жөнгө салуу керек экенин ойлонот. Себеби, ал коңшусу менен дагы узак жылдар катар жашоого туура келе турганын билет. Ал эми көчмөн турмушта жашаган кыргыз эли коңшусу менен уруша кетсе, анда ал дароо эле боз үйүн жыйнап, журт которуп кетип калган. Көрдүңүзбү, коңшусу менен мамилени кайра жөнгө салууну ойлонгон эмес.
Бүгүнкү күндө биз көчмөн эл эмеспиз. Коңшулар менен пикир келишпестиктер болсо, үй-жайыбызды жыйнап алып кайдадыр көчүп кете албайбыз. Демек, аң-сезимибизди көчмөн турмуштан отурукташкан турмуштун шартына ылайыкташтыруу зарыл. Коңшубуз түбөлүк экенин туюп, келишпестиктер болсо эле мамилени үзүп салуу эмес, аны кайра жөнгө салуу тууралуу ойлонуу кажет.
Компромисске бара билүүнү өздөштүрүү талабы бар. Компромисстин негиздеринин бири – бул кечире билүү. Кечире билүү дегендик – бул унутуу дегендик эмес. Унутпоо дегендик – бул аны ар кандай кырдаалда эстей берүү керек дегендик болуп саналбайт. Эң башкысы компромисс – бул экономиканын талабы жана тартиби, өзгөчө бизнестин. Адамдар менен тил табыша албасаң, алар сага жакпай жатса да аны билгизбей иштеше албасаң, анда сенин бизнесиң жүрбөйт дегенди ачык айтыш керек.
Биздин элге мүнөздүү болгон дагы бир кемчиликти жоюу зарыл. Ушул оюбузду жеткиликтүү кылыш үчүн В. Цветованын япон эли тууралуу «Пятнадцатый камень Реандзи» деген китебинен үзүндү келтирели: «- Эмнеге сизде склад жайлары жок? – Алардын мага эмне кереги бар? – Кандайча эмне кереги бар! Мисалы, отун сакташ үчүн! – Отунду эмнеге сакташым керек? Мен Сато мырза менен макулдашкам жана ал күнүнө эртең менен 8де мага отун алып келет, ал бир күнгө жетет. – Эгерде ал ооруп калса же дагы башка нерсе болсочу? – Демек, анда отунду мага аялы алып келет. – Аялына да бир нерсе болсочу? – Демек, отунду анда баласы алып келет! Мен кимге эмне боло турганын билбейм, бирок мен Сато мырза менен макулдашкандан кийин отунду мага алып келише турганын билем».
Көрдүңүзбү япон элинин сөзгө кандай бекем экенин? Бизде ушундай болушу мүмкүнбү? Азыркы тапта мындай эмес, бирок ошондой болушу керек. Эгерде сөзүңө бекем боло албасаң, анда бизнесиң жүрүшпөй турганын түшүнүү шарт. Биз өзүбүздөгү «Бүгүн болбой калды, эми эртең деле жасап коем да» деген ментальдык өзгөчөлүктү өзгөртүү учуру келди.
Биздеги дагы бир кемчилик – бул дүйнө ааламында эмне болуп жатса, ошону дароо өзүбүзгө «копировать» эткибиз келгенинде. Ошол нерселерди канчалык деңгээлде аш кылып кетерибизди да алдын-ала божомолдоп албайбыз. Австралия, Жаңы Зеландия, Исландия сыяктуу көптөгөн мамлекеттерди алалы. Ушул мамлекеттерден компьютер, телевизор, машина жана ракеталар чыгыптыр деп уктуңар беле? Жок. Эгерде сен өз калкыңдын курсагын тойгуза албай жатсаң, анда санариптештирүүнүн кимге кереги бар? Экономикалык маданият деген – бул модага айланып жаткан тармактар же кесиптер менен алек болуу эмес, ал өзүңдүн колуңдан эмне келсе, ошону аягына чейин чыгаруу болуп саналат. Мисалы, Кыргызстанда мал чарбачылыгын акыркы максатына чейин жеткирүүгө эмнеге болбосун? Мал чарбачылыгы менен алек болуп жатсаң, анда аны консерваланган эт жана колбаса, быштак, сүт, айранга, кышкы пальто, тонго чейин жеткир. Мына ушуну башталган ишти логикалык аягына чейин жеткирүү деп айтат.
Биздеги дагы бир маселе – кыргыз шаарларынын курулушунун жоктугу. СССРдин убагында курулган шаарларыбыз бар, бирок анда өзүбүздүн өзгөчөлүк байкалбайт. Буга да көңүл буруу керек.
Дагы бир маселе – идеология. Өзүбүз үчүн жана өз мамлекетибиздин тагдыры үчүн тарыхый жоопкерчиликти моюнга алууну кайтарып келүү. Көптөгөн жылдар мурун бул жоопкерчиликти мажбурлоо менен алдырганбыз. Андай жоопкерчиликти биз үчүн башка эл мойнуна алган. Тилекке каршы, ошол инерция дагы деле уланып келатат. Ошондон улам дагы деле толук кандуу көз карандысыздыктын даамын тата албай жатабыз.
Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, реформалоо зарылчылыгы турат. Жогорку билим деген – бул сыртында «диплом» деген жазуусу бар экиге бүктөлгөн картон кагаз эмес экенин түшүнүшүбүз керек. Өз өлкөбүздү өнүктүрүү үчүн зарыл болуп турган багыттарда кесиптик билим берүүлөрдү күчтөнтүү зарыл.
COVID-19 пандемиясы биздин өлкөнүн көптөгөн кемчилик жактарын суу үстүнө калкытып чыгарды. Көзүбүздү ачты. Буга чейин кандай туура эмес жашап келгенибизди көргөздү. Ар кандай күтүлбөстүктөргө өз алдынча даяр эмес экенибизди билдик. Бул дагы биздин көз карандысыздыгыбызга сокку ура турган жагдай. Эми пандемиядан алган сабакты турмуш жүзүндө колдонуу гана калды.
Канатбек Аскаров
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн