Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 20:57
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан электр энергиясын жеткирүү боюнча макулдашты

29.08.2023 12:56
330
Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан электр энергиясын жеткирүү боюнча макулдашты


Астанада Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын энергетика жана суу чарба ведомстволорунун өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүп, анда суу-энергетика тармагындагы кызматташуу маселелери талкууланды. Бул тууралуу Казакстандын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Тараптар келерки күз-кыш мезгилдеринде электр энергиясын берүү жана башка тармактарда өнөктөштүк мамилелерди талкуулашты.


Өз ара макулдашууларга жетишилди, жеткирүүлөрдүн көлөмү жана мөөнөттөрү аныкталды.


Тараптар электр энергиясын саат сайын эсепке алуунун механизмин киргизүү мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгууга, чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосунда пландан тышкаркы агымдарды эсепке алуу боюнча келишимдерди түзүүгө жана пландан тышкаркы агымдарды жөнгө салуу боюнча келишимдердин учурдагы шарттарын кайра карап чыгууга макулдашышты.


«Катышуучулар мурда кабыл алынган милдеттенмелерди аткарууга умтула тургандыгын ырасташты. Суу-энергетика ведомстволорунун өкүлдөрүнүн кезектеги жыйыны 2023-жылдын ноябрында Бишкек шаарында өткөрүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн