Бугу 15, 2024
Убакыт: 04:25
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кыргызстан Казакстандагы окуядан кандай сабак алыш керек? Мырзакматовдун жообу

24.01.2022 14:12
835
Кыргызстан Казакстандагы окуядан кандай сабак алыш керек? Мырзакматовдун жообу

Кыргызстанда Казакстандагыдай окуя болбошу үчүн эң биринчи бааларды көзөмөлдөө керек. Мындай пикирин Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов журналист Лейла Саралаевага берген маегинде билдирди.


Анын айтымында, Борбор Азия өлкөлөрү Казакстандагы абалдан сабак алууга тийиш.


"Биздин өлкөдө андай башаламандык болушу үчүн эл көпкө күтпөйт. Ошондуктан кыргыз бийлиги дүйнөлүк кризис жана инфляция мезгилинде элге ар кандай салык жана башка мыйзамдар менен оордугун салбаш керек.

Эң биринчи күнүмдүк жашоого керектелүүчү азык-түлүктүн баасын кармап турушу зарыл. Андан сырткары, жазгы талаа иштери үчүн күйүүчү майды арзан баада берүүгө милдеттүү",- деди Мырзакматов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн