Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 01:03
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Кыргызстан Кытайдан дагы 1500 автобус алууну пландап жатат

07.03.2023 08:10
318
Кыргызстан Кытайдан дагы 1500 автобус алууну пландап жатат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушууга ошондой эле Кытайдын экспорттук кредиттик камсыздандыруу корпорациясынын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган долбоорлор талкууланды.

Атап айтканда, министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Бишкек шаарынын мэриясы үчүн Кытайда чыгарылган 1 500 автобус сатып алуу маселесин көтөрдү.

Ал кыргыз жана кытай тараптын бул маселени сапаттуу жана өз убагында иштеп чыгуусунун маанилүүлүгүн белгиледи. Талкуу алкагында борбор калаада аталган транспортту кураштыруу жана сервистик тейлөө борборун ачуу идеялары айтылды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ошондой эле Кыргызстандын сугат жерлерин суу менен камсыз кылууну жогорулатууга мүмкүндүк берүүчү Айланма Чүй каналы-2 (АЧК-2) курулушунун долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Министрлер кабинетинин башчысы долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоону тездетүү жана быйылкы жылы курулуш иштерин баштоо зарылдыгын белгиледи.

Өз кезегинде элчи Ду Дэвэнь жогоруда аталган маселелерди илгерилетүүгө даярдыгын билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн