Бугу 16, 2024
Убакыт: 19:48
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Кыргызстан Кытайга болгон карызынын эң ири көлөмү 2025-2027-жылдарга туура келет

04.07.2022 09:08
396
Кыргызстан Кытайга болгон карызынын эң ири көлөмү 2025-2027-жылдарга туура келет


Кыргызстан Кытайга болгон карызынын эң ири көлөмүн 2025-2027-жылдары төлөйт. Бул тууралуу Финансы министрлиги кабарлады.

Учурда өлкөнүн Кытайдын экспорттук-импорттук банкынын алдындагы мамлекеттик тышкы карызы 1 794, 12 миллион долларды түзөт. Бул 147 304, 94 миллион сомго барабар.

2022-жылы Финансы министрлиги Кытайдын Эксимбанкына 111,73 миллион долларын төлөп берүүнү пландап жатат.

"Болжолдуу маалыматтар боюнча, Эксимбанкка мамлекеттик тышкы карызды тейлөөнүн көбөйүшү 2025-жылдан тарта башталат, 2027-жылы туу чокусуна жетет. Андан кийин төмөндөйт", — деп жазылган маалыматта.

Министрлик тышкы кредиторлордун алдындагы бардык милдеттенмелерин өз убагында жана толук көлөмдө аткарып жатканын белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн