Учтун айы 10, 2025
Убакыт: 00:09
USD
86.85
87.35
EUR
89.50
90.50
RUB
0.820
0.880

Кыргызстан Кытайга кызыл буурчак экспорттой баштайт

Кыргызстан Кытайга кызыл буурчак экспорттой баштайт


Кыргызстандан кызыл төө буурчакты экспорттоо боюнча талаптарга жооп берген 16 ата мекендик компания Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын (БББ) тизмесине кирди.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришкендей, БББнын расмий реестри – жаныбарларды, өсүмдүктөрдү жана кайра иштетилген продукцияны экспорттоо үчүн катталган чет өлкөлүк ишканалардын тизмелерин жарыялоого арналган расмий булак болуп саналат.

Мындай кадам Кыргызстан үчүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана ата мекендик айыл чарба продукцияларынын эл аралык рыноктогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга шарт түзөт.

"Бул жетишкендик ведомстволордун жана ишканалардын ырааттуу ишинин натыйжасы болду, Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда айыл чарба тармагында кызматташуунун жогорку деңгээлин тастыктайт", - деп айтылат маалыматта.

Министрлик мындан ары да ата мекендик продукцияны экспорттоого колдоо көрсөтүү жана эл аралык фитосанитардык стандарттарга ылайык келүүнү камсыздоо боюнча иштерди улантат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн