Кыргызстан Кореядан жарым миллиард доллар кредит алат. Тиешелүү макулдашуу Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде экинчи окууда каралууда.
Депутаттарга былтыр 3-декабрда Сеулда кол коюлган макулдашуу боюнча маалымат берилип жатат. Ага ылайык, 2025-2029-жылдар аралыгында Корея Кыргызстанга инвестициялык долбоорлор үчүн 500 миллион доллар бөлөт. Каражат 40 жылга 0,1 пайыз менен алынып жатканы жана анын 10 жылы жеңилдетилген мөөнөт экени белгиленди.
"Бул акча социалдык-экономикалык өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруу үчүн жумшалат. Долбоорлор министрликтерден жана ведомстволордон берилген өтүнмөлөрдөн тандалат", — деп жазылат документтин негиздемесинде.
Жыйындын жүрүшүндө финансы министринин орун басары Алтынбек Кудайбердиев эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып, Ош шаарына эстакадалык көпүрө, Медициналык академияга оорукана куруларын жана Мамлекеттик ипотекалык компанияга акча караларын белгиледи. Анын ичинде ӨКМге 71 миллион долларга эки тик учак алуу планы дагы бар.
Ал эми депутаттар аймактардагы долбоорлорду дагы камтуу зарылдыгын белгилеп, колдоп беришти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн