Чын курандын 08, 2025
Убакыт: 05:51
USD
86.80
87.30
EUR
95.10
96.10
RUB
0.990
1.040

Кыргызстан Пакистан менен аскердик жаатта кызматташууну бекемдөөгө кызыкдар

27.04.2023 15:55
356
Кыргызстан Пакистан менен аскердик жаатта кызматташууну бекемдөөгө кызыкдар

Коргоо министри Бактыбек Бекболотов жаңы дайындалган Пакистандын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Хасан Али Зайгам менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы учурдагы жана келечектеги эл аралык аскердик кызматташуу боюнча пикир алмашышты.


Ошондой эле жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы аскердик байланышты кеңейтүү жана бекемдөөгө арналган биргелешкен иш-аракеттердин мааниси белгиленип, тараптар аскердик багыттагы кызматташууну мындан ары бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн