Бугу 21, 2024
Убакыт: 22:14
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Кыргызстан Паралимпиадалык оюндарга дагы бир жолдомо алды

14.07.2021 12:12
1931
Кыргызстан Паралимпиадалык оюндарга дагы бир жолдомо алды

Кыргызстандык Хайитхон Хусан кызы Токиодо өтө турган Паралимпиада оюндарына жолдомо утуп алды. Бул тууралуу маалыматты жергиликтүү басма сөз каражаттары жазып чыгышты.


Маалыматка ылайык, спортчу айым көзү азиздер арасындагы парадзюдо боюнча мелдеште 57 кг салмакка чейинки категорияда күч сынашат.


Бул Кыргызстандын Паралимпиада оюндарына алган экинчи жолдомосу. Буга чейин биринчи жолдомону ядрону алыстыкка ыргытуу боюнча спортчу Арстанбек Базаркулов жеңген.


Паралимпиада оюндары Япониянын Токио шаарында өтөт. Мелдештер 24-августта башталып, 4-сентябрга чейин созулат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн