Бугу 15, 2024
Убакыт: 18:57
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Кыргызстан-Россия аба каттамдары жумасына бир жолу аткарылат

20.03.2020 10:33
836
Кыргызстан-Россия аба каттамдары жумасына бир жолу аткарылат


Өкмөттө коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүнүн жана жайылышынын алдын алуу боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 


Жыйындын жүрүшүндө белгилегендей, Кыргызстандын аймагында 2020-жылдын 20-мартында саат 00:00дө Бишкек жана Ош шаарларына/шаарларынан чыккан бардык эл аралык каттамдар токтотулат. 


Жүк ташуулар, ошондой эле төмөнкү жүргүнчүлүк каттамдар гана ишке ашырылат:


- Москва-Бишкек – жумасына 1 жолу;

- Москва-Ош – жумасына 1 жолу;

- Новосибирск-Бишкек – жумасына 1 жолу.


Коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүнүн жана жайылышынын алдын алуу боюнча республикалык штабдын жыйынын жүрүшүндө калктын саламаттыгын сактоону камсыздоо максатында кабыл алынды. 


Кыргыз Республикасына учкан бардык каттамдарга жогоруда көрсөтүлгөн убакытка чейин жол берилет.


Транспорт жана жолдор министрлигине бардык чет элдик жана ата мекендик авиакомпанияларга кабыл алынган чечим тууралуу билдирүү тапшырылды.


Ошондой эле, Транспорт жана жолдор министрлигине, Саламаттыкты сактоо министрлигине, Мамлекеттик чек ара кызматына жана «Манас» эл аралык аэропортуна 2020-жылдын 20- мартынан тартып Кыргызстандын эл аралык аэропортторуна келген аба учактардын экипажын тейлөө алгоритминин долбоорун бекитүү тапшырылды.   


Республикалык штаб бул кабыл алынган убактылуу чараларды түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн