Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 23:33
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кыргызстан-Россия элдеринин достугу монументи ката жазылган (фото)

19.06.2020 13:33
1256
Кыргызстан-Россия элдеринин достугу монументи ката жазылган (фото)


Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында жайгашкан Кыргызстан менен Россия элдеринин достугу сквериндеги монумент одоно ката менен жазылган.


Тактап айтканда, монументтин кыргызча жазуусунда 2017-жылы дегендин ордуна сандар жазылбастан, жылы деген эле сөз басылган. Ал эми орусчасында жылы сандар менен кошо жазылып турат. 


Эске салсак, бул монумент Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө байланыштуу ачылган.


Ошол кезде Атамбаев Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан Элдер достугу монументин жана Ала-Тоо аянтынын Чүй проспектиндеги канатташ жайгашкан сквердин территориясын көрктөндүрүүгө 3 млн 111 миң сом бөлгөн.


Ошол кезде сабатсыздыкка кимдер жол берди экен?


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн