Бугу 09, 2024
Убакыт: 09:20
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Кыргызстан Сауд Аравия менен туризм тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөгө кызыкдар

28.12.2023 16:09
188
Кыргызстан Сауд Аравия менен туризм тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөгө кызыкдар


Кыргызстан тарап Сауд Аравия менен туризм тармагындагы кызматташтыгын бекемдөөгө кызыкдар. 2023-жылы эки өлкөнүн ортосунда түз аба каттамдары ачылды жана буга байланыштуу эки тараптуу туристтик агымды эң аз дегенде эки эсе көбөйтүүгө мүмкүнчүлүктөр бар. Мындай көрсөткүчтөргө жетүү жолдору Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси Улукбек Марипов менен САПтын Туризм агенттигинин аткаруучу директору Фахд Хамидуддиндин жолугушуусунда талкууланды.

Элчинин айтуусуна караганда, туризмди өнүктүрүү үчүн Кыргызстан 2024-жылы роуд-шоу, фам-трип сыяктуу биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү сунуштайт.

"Бул Кыргызстан менен Сауд Аравиядагы туроператорлорго өлкөлөрдүн туристтик потенциалы жөнүндө жакшыраак билүүгө, туристтик агымды көбөйтүүгө жардам берет деп ишенебиз", - деди Марипов.

Фахд Хамидуддин эки тарап тең туризмди өнүктүрүүдө жетиштүү тажрыйбага жана потенциалга ээ экендигин белгилеген. Ошондой эле ал элчинин демилгесин колдоого жана келе жаткан жылы роуд-шоу, фам-трип сыяктуу ар кандай иш-чараларды биргеликте өткөрүүгө даяр экендигин билдирген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн