Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 11:39
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кыргызстан Тайвандагы акыркы кырдаалга байланыштуу билдирүү таратты

04.08.2022 08:13
724
Кыргызстан Тайвандагы акыркы кырдаалга байланыштуу билдирүү таратты

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги «Кабар» агенттигине Тайвандагы акыркы кырдаалга байланыштуу комментарий берди.


Белгилей кетсек, 2-3-августта АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайванга иш сапар менен барган. Бул сапар Тайвань аралындагы кырдаалды курчутту.


«Кабар» агенттиги Тайвань маселеси боюнча Кыргызстандын так позициясын билүү үчүн Тышкы иштер министрлигине кайрылды.

Тышкы саясий ведомстводон билдиришкендей, КР ТИМ Тайвандын айланасында болуп жаткан окуяларга кылдаттык түрдө көз салууда, кырдаалдын курчушуна жол бербөө үчүн Тайвань аралында чыңалуунун тез арада төмөндөшүнө, тынчтыкка жана стабилдүүлүккө жетишүүсүнө үмүттөнөт.


«Кыргыз Республикасы кыргыз-кытай ортосундагы бардык негизги документтеринде көрсөтүлгөндөй «Тайвань маселеси» боюнча өзүнүн позициясынын өзгөрбөстүгүн жана «бирдиктүү Кытай» саясатын колдоосун тастыктайт», - деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн