Кожент шаарында Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чаралардын алдында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Тажикстандын лидери Эмомали Рахмон жана Өзбекстандын жетекчиси Шавкат Мирзиёевдер үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Бул тууралуу КР президентинин маалымат кызматы кабарлады.
Лидерлер учурашып, чогуу сүрөткө түшкөндөн кийин сүйлөшүүлөрдү башташкан.
Мамлекет башчылары регионалдык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулап, ынак коңшулук мамилелерди чыңдоонун, инфратүзүмдүк жана экономикалык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруунун, ошондой эле региондун туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Садыр Жапаров Тажикстандын президентине жылуу кабыл алгандыгы жана элдердин биримдиги менен достугун символдоштурган иш-чараны жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
"Элибиздин "алыскы туугандан жакынкы кошуна артык" деген накыл кеби бар. Кыргызстан келечекке чоң оптимизм менен карап, Борбор Азиядагы боордош мамлекеттер менен көп пландуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү көздөйт", — деп сөзүн баштады Кыргызстандын президенти.
Ал бүгүнкү демилгелер жакшы салтка айланып, боордоштук жана өз ара түшүнүшүү маанайында жыл сайын ар өлкөдө өткөрүлүп турарына ишенимин билдирди. Ошондой эле өлкөлөр бүтүндөй региондун туруктуу өсүшүн жана гүлдөп-өнүгүшүн камсыз кылууга багытталган ири инфратүзүмдүк жана экономикалык долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырып жаткандыгын айтты.
Жапаров Ош, Кожент, Анжиян шаарлары тарыхый борборлор гана эмес, көп кылымдык цивилизациянын, эң бай салттардын жана маданияттын символдору экенин эске салды. Буга байланыштуу ал Европадагы Шенген зонасына окшош региондун өлкөлөрү боюнча туристтердин эркин жүрүүсүн камсыз кыла турган бирдиктүү визаны киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.
Аягында Жапаров регионалдык интеграция жигердүү өнүгүп жатканын, кызматташтыкты бекемдөө Борбор Азиянын туруктуу өнүгүшүнүн жана гүлдөп-өсүшүнүн өбөлгөсү болорун белгиледи.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн