Бугу 04, 2024
Убакыт: 04:54
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Кыргызстан Түрк инвестициялык фондун түзүүнү сунуштады

10.11.2022 20:49
210
Кыргызстан Түрк инвестициялык фондун түзүүнү сунуштады

Бүгүн, 10-ноябрда Самарканд шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.


КР ТИМден билдиришкендей, тышкы саясий ведомстволордун башчыларынын жолугушуусу түрк мамлекеттеринин кызматташтыгын өнүктүрүүдө жаңы барак ача турган 9-Саммиттин алдында болуп өттү.


Тараптар ТМУнун күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, «Түрк цивилизациясынын жаңы доору – жалпы өнүгүүгө жана гүлдөп-өсүүгө» темасына өзгөчө көңүл бурушту.


Министр Ж.Кулубаев өзүнүн сөзүндө Кыргызстан менен ТМУнун экономикалык кызматташтыгынын алкагында Түрк инвестициялык фондун түзүү жол-жобосун аяктоо боюнча конкреттүү чараларды көрүүдө аракеттерди бириктирүү жана бул Фонддун штаб-квартирасын Кыргызстанда жайгаштыруу зарыл экенин баса белгиледи.


Жээнбек Кулубаев Кыргызстан түрк интеграциясын бекемдөө ишине салым кошууну улантарына ишендирди. Көп пландуу өз ара аракеттенүү жана товар жүгүртүү көлөмүн көбөйтүү, инвестициялык потенциалды жогорулатуу жана транспорт менен энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу алкагында интенсификациянын маанилүүлүгүн баса белгиледи.


Мындан тышкары, ТМУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери 2022-жылдын 11-ноябрында Самарканд шаарында боло турган Уюмдун Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына коюлуучу бир катар документтерди талкуулашты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн