Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 04:01
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Кыргызстан Түркияга Талас облусунда төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачууну сунуштады

12.06.2021 16:42
1953
Кыргызстан Түркияга Талас облусунда төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачууну сунуштады


Кыргызстандын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Азамат Мукашев  президент Садыр Жапаровдун Түркияга болгон расмий иш сапарынын алкагында жетишилген келишимдер жөнүндө айтып берди.


Анын айтымында, Кыргызстан менен Түркиянын тиешелүү министрликтеринин ортосунда өсүмдүктөрдүн карантини боюнча келишимге кол коюлду.


Бул документ тараптарга өсүмдүк ооруларынын киришин жана карантинге алынган объектилерди чектөө менен карантин талаптарын максималдуу түрдө макулдашууга мүмкүнчүлүк берет.


Ошондой эле, кыргыз тарап Талас облусунда төө буурчакты кайра иштетүү боюнча заводдорду ачуу, жүгөрү жана картошканы кайра иштетүү, үрөн чарбасы менен асыл тукум мал чарбасы жаатында биргелешкен кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сунуштарын берди.


Кыргызстан өтө муктаж болуп турган тамчылатып сугаруу системасын — суу ресурсун үнөмдөөчү технологияларды түзүү жаатында инвестицияларды тартуу боюнча биргелешкен ишкана уюштуруу сунушу айтылды.


Түркиянын 600 миңден ашуун мүчөсү бар Айыл чарба кредиттик кооперативдер бирлиги менен жолугушуу болду. Түрк тарапка айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, Кыргызстандын кооперативдик системасын өнүктүрүү, бул жаатта кызматташуу боюнча инвестициялык долбоорлор сунушталды.


Мындан сырткары, 800 миңден ашуун сүт азыктарын өндүрүүчүлөрдүн башын бириктирген Түркия сүт өндүрүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу болуп өттү.


«Түркияда айыл чарба тармагын мамлекеттик колдоо системасы жакшы жолго коюлган, мисалы, сүттү сатып алуу баалары бюджеттен субсидияланат. Биз топтолгон мындай тажрыйбаны кайра иштетүү ишканалары менен өздөштүрүшүбүз керек. Ассоциация менен сүт өндүрүүчүлөрдү колдоо үчүн программалык камсыздоо боюнча келишим түзүлдү», - деди Азамат Мукашев.


Ал бизнес-форумда эки жылдан бери Кыргызстанда органикалык-минералдык жер семирткичтерди сыноодон өткөрүп келаткан ишкерлер менен жолугушуу болгонун кошумчалады. Азамат Мукашев ишкерлерге мындай жер семирткичти өндүрүү боюнча ишкана түзүүгө болушунча көмөк көрсөтүлөрүн белгиледи.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн