Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 12:39
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.855
0.885

Кыргызстан-Венгрия: Эки тараптуу маданият кызматташтыгы талкууланды

11.02.2021 08:28
608
Кыргызстан-Венгрия: Эки тараптуу маданият кызматташтыгы талкууланды

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Шандор Дорогини кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, баарлашуунун жүрүшүндө тараптар диалогду өнүктүрүүдө маданияттын маанилүүлүгүн белгилешип, Кыргызстан жана Венгрия жөнүндөгү маалыматтарды музей, театр, китепкана, массалык маалымат каражаттары жана спорттун айрым түрлөрү аркылуу өз ара маданий жана спорттук иш-чаралар жайылтуу чоң мүмкүнчүлүктөрдү бере тургандыгын белгилешти.

Тараптар маданият, маалымат жана спорт жаатында ар тараптуу кызматташуу боюнча сунуштарын алмашып, Кыргызстан менен Венгриянын өнүгүшүнө зор салым кошкон көрүнүктүү тарыхый инсандарды эскерүү иш-чараларын өткөрүүгө эки тараптын тең кызыкдар экендиги айтылды.

Тактап айтканда, элчи Шандор Дороги 2021-жылга карата иш пландарында Кыргызстандагы бир катар маанилүү маданий иш-чараларды айтып, анын ичинде 1900-жылы экспедициянын курамында Кыргызстанда изилдөө жүргүзгөн венгриялык саякатчы Дьер Алмашинин жаркын элесине арналган иш-чаралар камтылгандыгы менен бөлүштү.

Министр Кайрат Иманалиев сунушту колдоп, венгриялык тараптын демилгелерин ишке ашырууда министрлик тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигине ишендирди.

Өз кезегинде Кайрат Иманалиев Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дорогиге иш сапары үчүн ыраазычылык билдирип, тараптар мындан аркы тыгыз кызматташууга ишеним билдиришти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн