Бугу 08, 2024
Убакыт: 23:57
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Кыргызстан Япония өкмөтүнөн 2,26 млн доллар кайтарымсыз жардам алат

02.08.2023 15:15
381
Кыргызстан Япония өкмөтүнөн 2,26 млн доллар кайтарымсыз жардам алат


Кыргызстан Япония өкмөтүнөн 2,26 млн доллар кайтарымсыз жардам алат. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын министрлер кабинети менен Япония өкмөтүнүн ортосунда JDS долбоору боюнча Алмашуу ноталарына жана гранттык макулдашууга кол коюлду. Тиешелүү документке КР финансы министринин орун басары Руслан Татиков жана Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хидеки Года кол коюшту.

Макулдашуунун алкагында Япония өкмөтү Кыргызстандын министрлер кабинетине "Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча" стипендиялык программанын (JDS) долбоорун ишке ашырууга 2,26 миллион доллар өлчөмүндө акысыз жардам көрсөтөт.

Иш-чарага Япониянын Тышкы иштер министрлигинин парламенттик вице-министри Юуми Ёсикава, Япониянын өкмөтү жана Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Кавамото Хироюки, Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабиров, ошондой эле КР министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору А.Аттокуров катышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн