Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 12:16
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Кыргызстан Япониядан 1,1 млн доза вакцина сурады

25.06.2021 14:39
802
Кыргызстан Япониядан 1,1 млн доза вакцина сурады

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Япониянын Кыргызстандагы элчиси Сигэки Маэда менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.


Жолугушуу жүрүшүндө Жылдыз Бакашова пандемиянын оор кесепеттерин жоюу максатында Япониянын көрсөткөн жардамдарын баса белгиледи.


Элчи менен Бакашова коронавируска каршы вакцинациялоо маселесин талкуулашты. Кыргыз өкмөтү өнөктөш өлкөдөн коронавирус илдетинин кайрадан жайылышына жол бербөө үчүн 1,1 миллион доза вакцина сурады.


Өз кезегинде элчи Сигэки Маэда JICA программасынын долбоорлорун ишке ашырууну сунуштады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн