Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 05:22
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Кыргызстан Японияга Тоолуу өлкөлөрдү өнүктүрүү фондун түзүүнү сунуштады

01.12.2022 09:47
354
Кыргызстан Японияга Тоолуу өлкөлөрдү өнүктүрүү фондун түзүүнү сунуштады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Японияга жумушчу сапарынын алкагында Япониянын каржы министри Шуничи Судзуки менен жолугушту.


Япониянын каржы министри Шуничи Судзуки буга чейин кызматтык сапарынын алкагында Кыргыз Республикасына баргандыгын, жакшы билерин белгиледи.


«Биздин өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулган 30 жылдын ичинде ишенимдүү, достук мамилелер курулган. Эртең боло турган Борбордук Азия инвестициялык форумунда Кыргыз Республикасы ушундай жогорку деңгээлде көрсөтүлөөрүнө абдан кубанычтамын. Экономиканы өнүктүрүү үчүн жеке сектордон мүмкүн болушунча көбүрөөк инвестиция тартуу зарыл. Форум ушул жана башка максаттарды ишке ашырууга жардам берет деп ишенем. Өз кезегинде биз мындан ары да Кыргыз Республикасына зарыл болгон жардамды, анын ичинде гранттар жана техникалык жардамдар аркылуу көрсөтүүгө даярбыз», - деди Шуничи Судзуки.


Жооп катары министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасы Японияны жакын жана достук өнөктөш катары карай турганын, аны менен демократиялык өнүгүүнүн, саясий жана соода-экономикалык кызматташуунун жалпы баалуулуктарын бөлүшөрүн, андан ары кызматташууну кеңейтүү үчүн жетиштүү потенциалы бар экенин баса белгиледи.


“БУУнун Башкы Ассамблеясынын 2023-2027-жылдарды “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттер” деп жарыялоо боюнча резолюциясын ишке ашыруунун алкагында кыргыз тарап Тоолуу өлкөлөрдү өнүктүрүү фондун түзүү жана Япония менен кош салыктан качуу жөнүндө макулдашууга кол коюу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштайт. Бул жапон инвесторлоруна өлкөбүзгө инвестиция салууга ыңгайлуу шарттарды түзөт”, - деди Акылбек Жапаров.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ошондой эле каржы, инвестиция тартуу жана ишкердикти өнүктүрүү жаатында эки тараптуу кызматташуунун бир катар башка маселелерин талкуулашты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн