Чын курандын 08, 2025
Убакыт: 06:33
USD
86.80
87.30
EUR
95.10
96.10
RUB
0.990
1.040

Кыргызстан абадан коргоочу комплекс алып, Баткенге орнотот

19.10.2022 10:52
444
Кыргызстан абадан коргоочу комплекс алып, Баткенге орнотот

Кыргызстанга октябрдын аягында абадан коргонуучу зениттик-ракеталык комплекс алып келинет. Бул тууралуу  Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов билдирди.



Анын айтымында, аталган ракеталык комплекс Баткенге коюлуп, чек араны коргойт.


"Мурунку жылдан бери биз БелТехЭкспорт менен сүйлөшүү жүргүзүп келгенбиз. Ушул жылы Минскке барып, "Печора-2БМ" зениттик-ракеталык комплексин көрүп келдим. Ал С-125 "Печоранын" модернизацияланган түрү, жаңыланган. Абадан коргонуучу ракеталар жакын арада өлкөбүзгө келип түшөт", - дейт ал.


Бекболотов Кыргызстандын 6-7 тик учагы учурда чет өлкөдө оңдолуп жатканын айтып, алар жыл аягында бүтөрүн кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн