Бугу 31, 2025
Убакыт: 01:13
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.107
1.140

«Кыргызстан аэропорттору» былтыр каттамдарды тейлөө боюнча рекорддук көрсөткүчкө жетти

29.05.2025 09:42
60
«Кыргызстан аэропорттору» былтыр каттамдарды тейлөө боюнча рекорддук көрсөткүчкө жетти


Кыргызстандын авиациясынын тарыхында биринчи жолу 46 миңден ашык рейс тейленди. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААКсынын коммерциялык иштер боюнча директору Аман Мамаев маалымат жыйында билдирди.


Анын айтымында, ички жана эл аралык каттамдардын географиясын кеңейтүү компаниянын артыкчылыктуу милдети болуп калууда.


"2024-жылдын негизги жетишкендиктери катары Түштүк-Чыгыш Азиянын Пхукет, Нячанг, Фукуок, Гоа сыяктуу өлкөлөргө аба каттамдарынын ачылышы болду. Жыл башында Пекинге түз аба каттамдары ачылып, Азербайжанга каттамдар кайрадан жанданды. Күзүндө түштүк-чыгыш багытында каттамдардын санын көбөйтүп, жаңы каттамдарды кошууну пландап жатабыз", - деди Мамаев.


Ал ошондой эле учурда Сауд Аравияга аба каттамдарын ачуу боюнча иштер жүрүп жатканын айтты.


«Мындан тышкары, Азиядагы эң ири эл аралык авиакомпаниялардын бири IndiGo менен күзүндө каттамдар башталышы күтүлүүдө», - деп кошумчалады ал.


Белгиленгендей, Кытайдын авиация тармагы менен да активдүү сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы белгиленди. Үрүмчү-Ош-Үрүмчү жана Бишкек-Гуанчжоу-Бишкек багыттары боюнча каттамдарды жандандыруу мүмкүнчүлүгү каралууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн