Кыргызстан быйыл сегиз айда 853,9 миллион долларга 369,1 килограмм алтын экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Сатып алуучу өлкөлөр:
- Улуу Британия — 8 тонна 535,6 килограмм;
- Гонконг (Кытайдын өзгөчө административдик аймагы) — 1 тонна 848,5 килограмм;
- Швейцария — дээрлик 971,5 килограмм;
- БАЭ — 13,5 килограммдан ашык.
Өткөн жылдын ушул мезгилинде Кыргызстандан 9 тонна 926,7 килограмм алтын 619,7 миллион долларга экспорттолгон. Эске сала кетсек, 2023-жылы кымбат баалуу таштын баасы арзан болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн