Баш оона 23, 2025
Убакыт: 12:56
USD
87.10
87.60
EUR
101.90
102.90
RUB
1.075
1.105

Кыргызстан апрель айында жалпы 427,6 миллион киловатт-саат электр энергиясын импорттоду

15.06.2023 09:20
602
Кыргызстан апрель айында жалпы 427,6 миллион киловатт-саат электр энергиясын импорттоду


Апрель айында Россиядан Кыргызстанга электр энергиясы биринчи жолу бериле баштаган. Бул тууралуу Кыргыз энергетикалык эсептөө борборунун маалыматы билдирди.


Белгиленгендей, Казакстан аркылуу транзит менен 67,8 миллион киловатт-саат алынган. Мындан тышкары республика Казакстандан 90,8 миллион киловатт-саат, Түркмөнстандан 269 миллион киловатт-саат электр энергиясын алды.


Бардыгы болуп 2023-жылдын апрель айында республикага 427,6 миллион киловатт-саат импорттолгон. Электр тармагына берилген электр энергиясынын жалпы көлөмү 1,2 миллиард киловатт-саатты түздү. Бул Кыргызстан электр энергиясынын үчтөн бир бөлүгүн башка өлкөлөрдөн сатып алды дегенди билдирет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн