Бугу 09, 2024
Убакыт: 06:15
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Кыргызстан аскердик багытта КМШ өлкөлөрү менен кызматташат

30.09.2021 10:00
739
Кыргызстан аскердик багытта КМШ өлкөлөрү менен кызматташат

2021-жылдын 29-сентябрында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинде КР Коргоо министри генерал-майор Бактыбек Бекболотовдун КМШга мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлеринин Кеӊешинин Катчысы генерал-майор Юрий Дашкин менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.


 Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар КМШга мүчө мамлекеттердин аскердик кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча маселелерди талкуулашты, жана ошондой эле аскердик-саясий кырдаал жөнүндө маалыматтарды жана анын Шериктеш мамлекеттерге тийгизе турган таасирин карап чыгышты.


 Коргоо ведомстволорунун багытындагы иш-чаралар быйылкы жылы, өткөн жылга салыштырмалуу чоң көлөмдө ишке ашып, жакшы жыйынтыктарга жетишкенин генерал-майор Б. Бекболотов баса белгилеп өттү.


 Ошондой эле, Коргоо ведомствосунун башчысы Коргоо министрлердин кезектеги Кеӊешинде карала турган документтеринин долбоорлорун ыкчам түрдө кароого ишеним берди. 


 Жолугушуунун соӊунда тараптар жүргүзүлүп жаткан масштабдуу иштер үчүн бири бирине ыраазычылык билдиришип жана КМШга мүчө мамлекттердин куралдуу күчтөрүн өнүктүрүүгө багытталган эл аралык келишимдерди ишке ашырууга анын алкагында аскердик кызматташтыкты андан ары бекемдөөгө даяр экендигин билдиришти. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн