Кыргызстан беденин (люцернанын) үрөнүн экспорттоону жандандырды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, экспорттун 40 тонна көлөмдөгү биринчи партиясы Россияга жөнөтүлдү.
"Ошондой эле учурда беден үрөнүн Азербайжанга экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул өлкөдө да мал чарбасын өнүктүрүү үчүн сапаттуу тоюттарга суроо-талап жогору болууда", - деп айтылат маалыматта.
Кыргызстан люцерна үрөнүн өстүрүү үчүн эң ылайыктуу табигый-климаттык шарттарга ээ: түшүмдүү жерлер, таза суу, бийик тоолуу климат жана бай агрардык салттар — булардын баары экологиялык жактан таза жана азыктык баалуулугу жогору продукцияны өстүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Айыл чарба министрлиги тоют өсүмдүктөрүн, анын ичинде люцернаны өндүргөн жана экспортко чыгарган ишкерлерди колдоону улантып, экспорт рыногун кеңейтүүгө багыт алган.
Люцернанын үрөнүн экспорттоо — бул дыйкандар үчүн кошумча киреше булагы гана болбостон, өлкөнүн экспорттук потенциалын бекемдөөгө, агрардык секторду өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын дүйнөлүк рынокто ишенимдүү жана сапаттуу айыл чарба продукциясын жеткирүүчү катары ордун бекемдөөгө чоң салым кошот.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн