Бугу 02, 2024
Убакыт: 12:22
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.965

Кыргызстан беш айда 1,5 млрд киловатт-саат электр энергиясын импорттогон

14.07.2023 13:19
818
Кыргызстан беш айда 1,5 млрд киловатт-саат электр энергиясын импорттогон


2023-жылдын беш айында Кыргызстан 1 миллиард 516,5 миллион киловатт-саат электр энергиясын импорттогон. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетти билдирди.


Сатып алынган электр энергиясынын көлөмү 40,2 миллион долларга бааланган. Бул импорттук электр энергиясынын ар бир киловатт-сааты 26 цент, же 2,3 сом дегенди билдирет.


Электр энергиясынын басымдуу бөлүгү Түркмөнстандан – 652,4 млн киловатт-саат жана Казакстандан – 576,7 млн. Бул өлкөлөрдөн келген баасы 30 центти, же 1 киловатт үчүн 2,6 сомду түздү.


Өзбекстандан 145,6 миллион киловатт-саат электр энергиясы импорттолгон. Ал үчүн болгону 1,2 миң сом төлөнүп берилген. Сыягы, кеп Өзбекстан Республикасы кышында суук түшкөндө короткон жана Кыргызстандын энергетика системасына бербеген электр энергиясын кайтарып алуу жөнүндө болуп жатат. Төлөм электр энергиясынын транзити үчүн гана жүргүзүлгөн.


Россиядан 141,7 миллион киловатт-саат электр энергиясын алынган. Анын баасы 24 цент, же 1 киловат 2,1 сомду түзгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн