Бугу 20, 2024
Убакыт: 13:03
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Кыргызстан боюнча 22 гана вирусологдун болушу жетишсиз, - Иманалиев

14.04.2020 12:00
971
Кыргызстан боюнча 22 гана вирусологдун болушу жетишсиз, - Иманалиев


Кыргызстан боюнча коронавирус инфекциясын аныктаган 9 лаборатория жана 22 вирусолог лаборант иштеп жатат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында билдирди.


Депутат Каныбек Иманалиев анализ алуу жумуштары менен алектенген 22 дарыгер абдан аз экенин айтып, бир күндө 500 адам анализ тапшыра турган болсо, анын 350сү тышта кала турганын билдирди.
"Менин айылым Кеминде 29 адам вируска анализ тапшырган, бир ай болду эмдигиче жыйынтык жок. Эгерде ушундай темп менен иштесеңер бир эле районду декабрга чейин тейлейсиңер", - деди депутат.


Ошол себептен жеке менчик лабораторияларга уруксат берүү керек, “Юрфа” менен “Бонецкого” изилдөө лабораторияларына уруксат бергиле”, - деп кайрылды министрге.


С.Абдикаримов эгерде вирусту аныктоодогу биологиялык коопсуздук талаптарына жооп берип, атайын талап кылынган шарттары даяр болсо уруксат берүүгө болоорун билдирди.  


К.Бороновдун айтымында, башында аппараттардан жана тиешелүү каражаттардын жетишсиздиги орун алып жаткан. Бүгүнкү күндө бардыгы жетиштүү, бир күндө 1400 адамга чейин анализ алууга мүмкүнчүлүк жетиштүү. Байланышка барган 7 миң адамдан анализди 7 күндө анализ алса болот. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн