Бугу 15, 2024
Убакыт: 09:54
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Кыргызстан бүгүнтөн тарта Түркия жана БАЭ менен аба каттамын жандандырууда

07.08.2020 10:46
822
Кыргызстан бүгүнтөн тарта Түркия жана БАЭ менен аба каттамын жандандырууда


Кыргызстан 7-августтан тарта Түркия жана Бириккен Араб Эмираттары менен аба каттамын жандандырууда. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен билдиришти.


Маалыматка караганда, Кыргызстан, Түркия жана Бириккен Араб Эмираттарынын авиациялык бийлигинин ортосундагы макулдашууга ылайык, 7-августтан төмөнкү багыттар боюнча аба каттамдар жанданууда:


-"АвиаТраффик Компани" аваикомпаниясы: "Бишкек—Стамбул —Бишкек" багыты боюнча жумасына эки жолу. "Бишкек-Анталья-Бишкек" багыты боюнча жумасына бир жолу;


- "Түрк аба жолдору" аваикомпаниясы: "Стамбул—Бишкек—Стамбул" багыты боюнча жумасына эки жолу;


- "Пегасус Эйрлайнс" аваикомпаниясы: "Стамбул—Бишкек—Стамбул" багыты боюнча жумасына эки жолу;


- "Флай Дубай" аваикомпаниясы: "Дубай—Бишкек—Дубай" багыты боюнча жумасына бир жолу.


Билеттерди сатып алуу жана аба каттамдардын жадыбалы боюнча кененирээк маалыматты аваикомпаниялардын сайтынан алууга болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн