Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 13:51
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кыргызстан чет өлкөлүк адистердин иш башташына кызыкдар, - Асрандиев

06.05.2020 08:48
1074
Кыргызстан чет өлкөлүк адистердин иш башташына кызыкдар, - Асрандиев


2020-жылга карата эмгек миграциясына белгиленген квоталардын алкагында чет өлкөлүк адистердин Кыргызстанга кирүүсүн макулдашуу маселеси боюнча КР мамлекеттик органдарынын өз ара иштешүүсүнүн схемасы жана кадамдуу алгоритми бекитилди.


Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү чечим тышкы таасирлердин кесепеттерин азайтууга жана экономикалык өнүктүрүүнү өбөлгөлөөгө багытталган экономикалык чараларды ишке ашыруу боюнча республикалык штабдын жыйынында кабыл алынды.


«Мында эки өңүт бар. Бир жагынан биз чет өлкөлүк адистердин келип, биз үчүн маанилүү иштерди башташына кызыкдарбыз. Экинчиден, өлкөгө вирустун кайрадан кирүүсүнө жол бербөөгө тийишпиз. Ошондуктан бул маселедеги мамлекеттик органдардын иш-аракеттеринин ар бир кадамын иштеп чыгуу орчундуу мааниге ээ», - деди вице-премьер-министр Эркин Асрандиев. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн