Бугу 07, 2024
Убакыт: 16:50
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Кыргызстан дагы 1,2 млн доза Sinopharm сатып алат

Кыргызстан дагы 1,2 млн доза Sinopharm сатып алат

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылып, вакцина алуу чечими ар бир адамдын жеке иши экенин, эч ким эч кимди иммунизацияга мажбурлабастыгын белгиледи.


Анын айтымында, акыркы убактарда коомчулукта ар кандай чындыкка дал келбеген маалыматтар, анын ичинде коңшу өлкөлөр Кыргызстанга бекер вакцина берип, өлкө калкынын 70пайызын эмдөөдөн өткөрүүнү талап кылып жатат деген туура эмес маалыматтар тарап жатат.


"Жапаров Кыргызстан бюджеттик каражаттын эсебинен Кытайдын Sinopharm вакцинасынан 1,1 миллион доза сатып алгандыгына көңүл бурду. Буга чейин Кытай бийлиги жалпысынан аталган вакцинанын 300 миң дозасын Кыргызстанга кайтарымсыз берген, бул үчүн кыргыз тарап аларга ыраазычылыгын билдирерин белгиледи. Мындан тышкары, Россиядан 120 миң доза вакцина сатып алынган, ал эми 10 миң доза вакцина кайтарымсыз негизде берилгенин айтып өттү, — деп айтылат маалыматта.

Мамлекет башчысы жакын арада Sinopharm вакцинасынан 1 миллион 250 миң доза кошумча партия сатып алынарын баса белгиледи.


Буга байланыштуу ал кыргызстандыктарга кайрылып, эл арасында тарап жаткан ушак-айыңдар менен жалган маалыматтарга ишенбөөгө үндөп, калкты жакындарынын жана жалпы коомдун саламаттыгын коргоо үчүн эмдөөдөн өтүүгө чакырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн