Бугу 14, 2024
Убакыт: 18:23
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кыргызстан дарыгерлерди Түркияга жардам көрсөтүүгө жөнөтүүгө даяр

08.02.2023 13:35
232
Кыргызстан дарыгерлерди Түркияга жардам көрсөтүүгө жөнөтүүгө даяр

Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.


Баатырова өз сөзүндө, КР Саламаттык сактоо министрлиги жер титирөөдөн жабыркагандарга медициналык, дары-дармек жана медициналык буюмдар жактан жардам көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.


"Түркиядагы көп сандаган адам курмандыктарына алып келген ири табигый кырсык ар бирибиздин жүрөгүбүздү тилип өттү. Кыргызстандын медицина кызматкерлери жаратылыш кырсыгынын кесепетинен каза болгон жарандар үчүн боордош түрк эли менен бирге чын жүрөктөн аза күтүшөт. Медициналык жардам керек болсо, кыргыз тараптан дарыгерлер тобу түзүлүп, аларды Түркиянын жабыркаган аймактарына жөнөтүүгө даярбыз", - деди министр.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн