Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 07:25
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кыргызстан дүйнөлүк сынакта биринчи орунду алды

31.01.2020 10:56
700
Кыргызстан дүйнөлүк сынакта биринчи орунду алды


Улуу Британиянын «Wanderlust Travel Magazine» журналы  "Мыкты туристтик өлкө", "Мыкты шаар", "Мыкты аэропорт" өңдүү 11 номинация боюнча сынак өткөрүптүр. Ошолордун ичинен Кыргызстан «Wanderlust Travel Magazine» журналынын окурмандарынын оң баасы боюнча «Дестинация өнүгүп келе жаткан өлкөлөр" аталышындагы алтын сыйлыкты утуп, дүйнө боюнча биринчи орунду алды. Бул журнал  жылына он жолу 80 миң нускага чейин чыгып келет.   


Сыйлык тапшыруу салтанаты Лондондо "Дестинация: эс алуу жана саякат" деп аталган эл аралык ири туристтик жарманкенин ачылышында өтүп, ага Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Эдил Байсалов катышты жана өлкөбүздүн керемет жаратылышын, кайталангыс маданиятын баалай билгендерге ыраазычылыгын айтты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн