Бугу 09, 2024
Убакыт: 21:23
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Кыргызстан эл аралык аренада өзү жалгыз калды

01.05.2021 17:45
1134
Кыргызстан эл аралык аренада өзү жалгыз калды


Кыргызстан эл аралык аренада өзү жалгыз калды. Коңшулаш жана үзөңгүлөш өлкөлөрдөгү тоталитардык режимдин кожоюндары биздеги достук, ынтымак жана эркиндиктен аябай чочулашты. Түрмөдө жаткан бирөөнүн төңкөрүш аркылуу президент болушу аларды абдан үркүтүп койду.

Баткен согушу Борбор Азия элдерине державалардын эскертүүсү. Аймактагы саясий түзүмгө ким баш көтөрсө, ансыз деле араң турган аймакта от тутанат. 70 жылдык Орус колониясынын өзгөрбөгөн саясаты бул. Борбор Азиянын картасын сызып атышканда 100 жылдан кийин деле "Улуу Орус эли болбосо", "Орустар келип элдештирсин", "Орустар бакпаса, биз, букаралары эмне болот" сыяктуу сайратып койгон. Бул муун жүз жылда да, түгөнбөйт. Баткен окуясы Фергана өрөөнүндөгү кийинки жылдарда тутануучу оттун жалыны болуп берди. Албетте, согуш бүтөт. Бирөөнүн аймагын ээлеп алган варварлык азыр жок. Эл аралык коомчулук деген бар. Бирок, эки элдин көңүлүндө терең жаралар, ызаалар орун алды. Мен дүйнөдөгү согуштарды ааламды башкарган кожоюндардын биздей майда улуттар аркылуу "төрөлүгүн" аныктоосу деп айтаар элем. Маселен: Сөзүн укпаган бейбаш букараларын жазалоо саясаты. Никол Пашинян океан жактын эпкини менен Арменияны башкарып калды бирок, армяндар үчүн мунун кесепети оор болду. Тоолуу Карабак кетти. Дүйнөдө мындай өрнөктөр толтура. Африкадагы Судандын экиге бөлүнүшү сыяктуу. Бизге көкжөтөлдүн таптакыр кереги жок. Кошуналар арасындагы араздашуулар державалар үчүн өтө чоң олжо. Негизи, биздей майда элдер акылсыз болушат. Акылсыз элди башкарыш да жеңил болот. Мындай тагдыр биздин тагдыр болууга тийиш эмес. Борбор Азияга Арап өлкөлөрдөгү ачуу тагдырдын шамалы келип жатат. Бороонду болтурбай коюу механизимдерин ойлоп табуу үчүн азырынча бизде андай илимпоз да, эркин саясатчы да жок!

Манас Осмон, журналист
Редакциядан: Автордун макаласы редакциянын көз карашын билдирбейт

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн