Бугу 19, 2024
Убакыт: 07:57
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстан элин Улуу Жеңиш күнү менен бир топ президенттер куттутады (фото)

09.05.2020 13:10
1342
Кыргызстан элин Улуу Жеңиш күнү менен бир топ президенттер куттутады (фото)


Президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин бүгүн, 9-майда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы менен Азиядагы бир катар мамлекеттердин президенттери куттуктады.

Алар ичинен Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктаган тегерамма жөнөтүштү.

Куттуктоодо мамлекет башчылары 1945-жылдын 9-майы элдердин тынчтык жана эркиндик үчүн фашисттик баскынчылык менен күрөшүндөгү ширелишкен биримдигинин, бузулгус ынтымагынын жана каармандыгынын символу катары түбөлүккө тарыхта калчу ыйык дата болуп саналаарын белгилешкен.

Кыргызстан менен бир тууган элдеринин ортосундагы достук мамилелерди, ак ниет коңшулукту жана стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да өнүктүрүү ата-бабаларга көрсөткөн терең сый-урмат болоруна ишенерин айтышкан.

Ошондой эле президенттер бардык ардагерлерге жана ооруктун эмгекчилерине бекем ден соолук, бакубатчылык жана узак өмүр каалаган.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн