Бугу 12, 2024
Убакыт: 13:32
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Кыргызстан эмне үчүн өз жарандарына кайдыгер?

08.12.2020 10:27
774
Кыргызстан эмне үчүн өз жарандарына кайдыгер?


Учурда Сирияда 700гө чукул Кыргызстандын жарандары ар кандай шартта күн кечирүүдө. Буга чейин 100гө чукул келин аталган мамлекетте баш калкалап турганы маалымдалып, алардын туугандары бийликке жардам сурап кайрылган эле. Тиешелүү органдар бул маселе боюнча иштеп жатканын билдиргени менен, азыркы күнгө чейин конкреттүү кадамдар жасалганы көрүнө элек. Өзбекстан менен Казакстан эчак эле Сирияга адашып барып калган атуулдарын кайтарып, аларды өз камкордугуна алган.


Учурда Тажикстан бул маселе киришип, чечкиндүү кадамдарды баштады. Жакында эле Тажикстандын Ирак менен Кувейттеги элчиси Сириянын бийлиги, Эл аралык кызыл чырым комитетинин өкүлдөрү менен жолугуп, бул өлкөдөгү качкындар лагерлеринде кармалып турган тажикстандыктарды мекенине кайтаруу маселесин талкуулаганын “Азаттык” үналгысы кабарлады. Анда белгилүү болгондой, жакынкы күндөрү Сирияда азап тартып жүргөн жүздөгөн тажикстандыктар өз менинен кайтат.


Эмне үчүн Кыргызстан бул боюнча чечкиндүү кадамдарды жасабайт? Араб мамлекеттериндеги элчилер, Тышкы иштер министрлиги ойгонбойбу? Качанга чейин кыргыздар чет элде кор болуп жүрө берет? Адашкандын айыбы жок деп аларды да камкордукка алып, абалын сурабаса бизден башка таянары жок да...


Канатбек Аскаров


 

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Кресло талаш ,уурулук менен колдору бошобой жатат.С.Ж келсе еле оозума халва тушот деп ейфорияга берилип ел журот.