Улуттук валюталардын АКШ
долларына карата олуттуу төмөндөшү өз кезегинде импорттолуучу табигый газдын
баасына терс таасирин тийгизди. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, «Газпром Кыргызстан» ЖЧК менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, калкты, өнөр жай
ишканаларын, жана бюджеттик уюмдарды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз
кылуу жана керектелген жаратылыш газын 3 ай бою (2020-жылдын апрель, май жана
июнь айлары) убагында төлөбөгөндүгү үчүн туумдарды (штрафтарды) төлөбөө,
ошондой эле калк үчүн жана өнөр жай ишканалары, ошондой эле бюджеттик уюмдар
үчүн жаратылыш газына жеңилдетилген тарифти белгилөө.
Мында, алмашуу курсунун
чыгымын жеткирүүчү өзү каржылайт.
Россиянын энергетика министри А.В.Новака АКШ долларынын
андан аркы жогорулашы тобокелдиктерди эске алып, жаратылыш газынын сатуу баасын
1000 куб метрине 150 доллардан 100 долларга чейин түшүрүү мүмкүнчүлүгүн карап
чыгуу боюнча кат жөнөтүлдү.
Учу
рда Россия Федерациясынын Энергетика министрлигинен жооп күтүлүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн