Бугу 02, 2024
Убакыт: 02:50
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Кыргызстан хоккей боюнча дүйнө чемпионатына катышат

28.09.2021 15:06
635
Кыргызстан хоккей боюнча дүйнө чемпионатына катышат

Кыргызстандын хоккейчилери алгачкы жолу дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов билдирди.


Жетекчиге Кыргызстан улуттук курама командасына легионерлерди алуу практикасы уланар-уланбасы тууралуу суроо берилген.


"Азыркы тапта бизде легоинер жок десек болот. Булар келишим боюнча ойногон чет элдик паспорту бар адамдар болуп саналат. Учурда бардык оюнчулар Кыргызстандын жарандары, легионерлерди биз 5-8 жыл мурда тартканбыз. Алар ошол кезде биздин балдардын өсүшү үчүн керек болгон. Бул жакшы жыйынтык берди, биздин спортчулардын деңгээли өстү. Азыр кыргызстандык хоккейчилер дүйнөлүк аренада өлкө намысын татыктуу коргой алышат", — деди Оморканов.


Ал белгилегендей, келерки жылдын март айында Кыргызстанда дүйнө чемпионаты (IV дивизион) өтөт. Ага алты өлкө катышат.


Булак: "Спутник Кыргызстан"

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн