12-октябрда Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Түркиянын улуттук технологиялык борбору "Өздемир Байрактар" борборуна барды. Бул тууралуу түрк басылмалары билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстандан барган өкүлдөр менен жогоруда аталган борбордун техникалык директору Селчук Байрактар жана башкы директор Халук Байрактар менен жолугушуу өткөргөн.
Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан биринчи этапта "Байрактар Акынжы" учкучсуз учуучу аппараттардан 4 даана алары белгиленген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн