Акыркы учурдагы кырдаал биздин социологдор, саясий илимдердин машаяктары ойлоно турган, терең иликтей турган чоң проблема бар экенин тастыктады. Жеке алар эле эмес, ар бирибизди түйшөлтө турган проблема бул.
Бул "афганизация" деп айтылып келген тема. Ушул маселе көтөрүлсө көбүбүз мурдубуздан бышкырып, "койчу ай, бизде андай болбойт…" - дегендей кылып койчу элек. Көрсө акыркы 20-25 жылдан бери биз деле акырындан жылып ошол жакты карай бара жатыптырбыз. Муну өзүбүз көкүрөк кагып мактанган үч "революциянын" тарыхы, ошолордун болуп кетүү себептери жана механизмдери, акыркы мезгилдеги коомдогу буркан-шаркан түшкөн процесстер далилдеп турат.
"Афганизация" - деп мамлекеттик бийлик ыдырап, өлкө мыйзамдуу башкаруу нугунан чыгып, бийлик кырдаал жараткан жер-жерлердеги лидерлердин («полевые командиры» дешет, кыргызча «корбашылар» десек болот) колуна өтүп кеткен учур айтылат. Афганистандагы болгон окуялардан, ал жактагы 40 жылдан бери болуп келе жаткан тополоң-согуш замандан улам ушундай аныктама жаралган. Ливиядагы 2011-жылдан берки окуялар бул аныктамага туура келет, Сириядагы, Ирактагы кырдаалдар дагы "афганизация" темасына мисал боло алышат, Украинадагы окуялар дагы буга мисал боло алат (Крымдын референдум өткөрө салып Орусияга кошулуп кетиши, Луганская Народная Республика, Донецкая Народная Республика деген эки өз алдынча түзүмдүн пайда болушу, Украинанын өзүндө дагы бийликке баш ийбеген куралдуу күчтөрдүн бар болушу).
Биз дагы ошол чекке жетип калыптырбыз, азыр жардын кырында эле турабыз. Ары тоголонобузбу же бери карай жылабызбы - бул бир Кудайдын колунда анан учурда коомдун калың катмары үмүт артып отурган Президент Садыр Жапаровдон, ал жүргүзө турган саясаттан көз каранды.
Акыркы эки-үч күндөгү коомдогу процесстер, жаңы жаралган "революционерлер-корбашылардын" интернеттеги түз эфирге чыга калып айтып жаткан ойлору, акыркы 20 жылдагы саясий окуяларга жаңы көз карашта сереп салуу мына ушундай тыянакка алып келип жатат.
Кыргызстанда бийликке карата оппозициялык маанайды көзөмөлгө алуу, тескөө, чектөө, репрессиялык механизмдерди ишке киргизип, кимдир бирөөлөрдү камакка алуу, сабоо же өлтүрүп салуу менен саясий кырдаалды күч менен туруктуу кармап туруу мүмкүн эмес. Бизде андай күч жок. Анын үстүнө ГКНБ, Прокуратура, МВД деген түзүмдөрдүн учурдагы ички табийгаты, ички маанайы өлкөдө туруктуулук, мыйзамдуулуктун үстөмдүгү болуусун эмес, тетирисинче кайра-кайра тополоң болуп, бийлик күч менен алмашып туруусун каалайт, ошондой кырдаалды күтөт. Бул жышыруун сыр эмес. Муну тарых бир эмес үч жолу далилдеди.
Ошондой эле саясий оппозицияга карата көзөмөлдүн классикалык ыкмалары болгон:
1) оппозиция лидерлерин, алардын баскан-турганын көзөмөлгө алуу, коркутуу, камоо, же болбосо жең ичинен сүйлөшүп кызмат берүү же дагы башка нерсе менен сатып алуу;
2) каржы-ресурстарын көзөмөлгө алуу, бай адамдардын оппозицияны каржылоосуна жол бербөө;
3) сөз эркиндигин чектөө, массалык маалымат каражаттарына көзмөл кылуу - бийликти кармап турууга жетишсиз болуп калды азыр, бул ыкмалар иштебейт.
Нааразычылыкты күчөтүүдө, ар кандай топторду уюштуруп көчөгө алып чыгууда “саясий лидер” деп аталгандардын ролу номиналдуу болуп, өзүбүздө калыптанып келе жаткан “корбашылардын” ролу жогорулады. Ошону менен бирге традициялык Массалык маалымат каражаттарынын (радио, телевидение, гезит) да ролу азайды, алдыга интернет, ватсап, социалдык түйүндөр чыкты. Каражат деле анча көп талап кылынбай калды, интернетте түз эфир уюштуруунун, группа түзүп маалымат таркатуунун кыйынчылыгы жок, мурдагыдай эл кыдырып, жолугушууларды уюштуруунун да зарылчылыгы жок.
Өткөн жылдын октябрь айындагы тополоңдо ошол эле “корбашылар” мурдатадан калыптанып калган “мамлекетти саясий лидерлер башкарыш керек” – деген стереотиптен чыга алышкан жок, өздөрүнө ЛИДЕР издешти, аны Садыр Жапаровдон табышты. 2005-жылкы март окуяларында дагы, 2010-жылы апрель окуяларында дагы ошол эле стереотип иштеген, саясий лидерлерди издешкен, аларды ээрчишкен.
Алдыда бир эле кадам – ошол “корбашылар” өзүбүз деле башкара берсек боло берет турбайбы, өзүбуздүн арабыздан өз ара сүйлөшүп “лидерлерди” шайлап ала алабыз, саясатчыларга ишеним жок турбайбы, баягыдай эле алданып кала берет экенбиз, саясатчылар баягысын эле кайра жасайт экен деген бүтүмгө келиши менен кырдаал кескин өзгөрөт, андан ары жогоруда айтылган “афганизация” процессинин казанында кайнап жатып калабыз.
Мына ушундай туугандар...
Арстанбек акын айткандай “...Устаранын мизинде, оодарылган замана...”...
Эмилбек Каптагаев
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн