Бугу 19, 2024
Убакыт: 12:18
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бир да жаран колдоосуз калбайт, мамлекеттин бардык ресурстарын колдонобуз, - Жээнбеков

15.04.2020 11:09
1287
Бир да жаран колдоосуз калбайт, мамлекеттин бардык ресурстарын колдонобуз, - Жээнбеков


Коронавирус илдети менен күрөшүүдө биз жалгыз эмеспиз,- деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында сөз сүйлөп жатып.


Анын айтымында, бул вируска каршы күрөшүүдө Кыргызстанга ЕККУ, БУУ, Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта фонду, Араб мамлекеттеринин колдоо фонддору жана башка эл аралык донорлор өз колдоолорун көрсөтүп жатышат. Бул кырдаалда Россия да чыныгы өнөктөш мамлекет экенин дагы бир ирет далилдеген.


“Алгачкы күндөрү Кыргызстан-Россия аба каттамдары ачык турду. Бир катар каржылык жардамдарын беришти. Кытай өкмөтү да сезилерлик колдоолорун көрсөтүп жатат жана башка коңшу мамлекеттерден да олуттуу кол кабыштар болуп жатат”, - деп билдирди Жээнбеков.

 

Ошондой эле, ал учурда жарандардын эч кимиси колдоосуз калбасын, мамлекеттин бардык ресурстары колдонуларын, пенсия, жөлөкпул, айлык-акылар өз убагында төлөнүп берилерин айтты.


Мындан сырткары, президент социалдык чыгымдарга зарыл запастар камсыздалып жатканын айтып өттү.


 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн