Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 00:44
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кыргызстан коронавируска каршы вакцинаны Россиядан алат

26.11.2020 12:52
493
Кыргызстан коронавируска каршы вакцинаны Россиядан алат

COVID-19га каршы вакциналарды сатып алуу боюнча иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева онлайн брифингде билдирди.


"Коронавирус инфекциясына каршы вакциналарды сатып алуу боюнча учурда Россия тарап менен сүйлөшүүлөр активдүү жүрүп жатат. Россиядан өндүрүлгөн вакциналарга – сыноо практикасынан өтүп, жалпы дарылоого киргизүүгө уруксат берилген күндөн тартып – Кыргызстанга алып келүү боюнча август айында биз Россия тарапка кат жөнөткөнбүз. Вакцинанын көлөмү, алып келүү боюнча графиктер, Кыргызстанда каттоо процедурасы – баары иштелип чыккан", - деп билдирди вице-премьер-министр Э.Сурабалдиева.

 

Россияга биздин эксперт адистер барып, Москва шаарында «Спутник -V» вакцинасынын клиникалык сыноо процесстери кандай өтүп жаткандыгын көрүп, таанышып келишти. 


Сурабалдиеванын айтымында, Кыргызстан башка мамлекеттердеги даярдалып жаткан вакциналардын эффективдүүлүгүнө да байкоо салып жатат. Эгерде Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан артыкчылык берилген вакциналар даяр болсо, алар боюнча да Кыргызстандын позициясы даярдалды.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн