Бугу 20, 2024
Убакыт: 02:02
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстан көздөн учуп туруп алды, - Анкарадан келип, обсервацияда жаткан Анара (фоторепортаж)

29.04.2020 14:39
1676
Кыргызстан көздөн учуп туруп алды, - Анкарадан келип, обсервацияда жаткан Анара (фоторепортаж)


Кыргызстанга 24-апрель күнү Стамбул-Бишкек каттамы боюнча 349 кыргызстандык мигрант мекенине учуп келди. Алардын бири Рыскелди кызы Анара Түркиядан кайтып келүүдөгү уюштуруу иштери, Кыргызстандын Түркиядагы Элчилигинин аракеттери жана өлкөдө мигранттарды тосуп алуудагы колдонулган чаралар жөнүндө айтып, ортодо пайда издеген башаламан иштер боюнча да маалымат берип кетти.



Түркиянын Анкара шаарында 4 жылдан бери эмгектенем. Акыркы келип кайра кеткениме 8 ай болгон. Ал жерде иштөө оор болгону менен маянаны жакшы төлөп беришет. Абал курчуп баратканда деле жумушу жок калган жокмун. Дүйнөлүк эпидемиологиялык абал оор болуп жатканда үй-бүлөмө кетким келди. Кыргызстан көзүмдөн учуп, жакшы көрүнүп туруп алды.



Түркиядан кайтканда...

Биз “Манас” аэропортуна келип түшөрүбүз менен “Манас-Түрк” университетинин студенттер жаткан жерине алып келип, анализ алышты. Атайын уюштурулган автобустар боюнча аймактарга жараша үч жакка бөлүндүк. Бизди – 14 жаранды Таласка милициянын коштоосу менен алып кетишти, азыр Талас шаарынын Көк-Ой айылындагы №6 лицейинде абсервацияда 13 жаран жайгашканбыз, бирөө чыгып кеткен. Учурда бир бөлмөдө эки адамдан жатабыз. Тышка чыгарган жок, күзөт кызматкерлери 24 саат бою кайтарууга алышат жана маал-маалы менен бөлмөгө тамактарды алып келип турушат. Ошондой эле, күнүгө ден табыбызды жана кан басымыбызды өлчөп турушат.





Элчиликке ыраазыбыз

Түрк авиакомпаниясынын учагы менен келдик. Элчиликтин аракети менен билеттерди эки эсе арзандатылган баада – 189 еврого сатып алдык. Ал эми жөнөкөй учурда мындай баа менен алууга мүмкүн эмес, орточо 450 еврого чейин сатылат. Мындан тышкары Консулдук Анкарадан Стамбулга чейин арзан баада 3 автобус уюштуруп берди, эки орундукка бирден отуруп келдик жана жеке коргонуу каражаттарын таратып беришти. Ал эми Бишкекке келгенден баштап жаныбыздан бир дагы сом төлөткөн жок. Тамак-ашы, жуунучу каражаттар, ташып жүрүүчү унаалардын бардыгы акысыз болду. Бул жагынан өкмөткө абдан ыраазы болдук. 






Түркияга салыштырмалуу Кыргызстанда тартип катуу экен

Түркияда адегенде вирустун алдын алууда анча мааниге берген жок. Ички каттамдар жабылган жок. Ошондуктан ушул тапта абал курчуп, вирус жуктургандар көбөйүп кетти. А Кыргызстанда болсо салыштырмалуу карантиндик чараларды жакшы кабыл алышты. Мисалы Талас облусунда бир айылдан экинчи айылга өтүүгө тыюу салынган. Окуучуларды каникулга эрте таратышты. Бул жагынан биздин өкмөттүн аракеттерине сүйүнсө болот.

 

Кыргызстанда калууну каалайм

Кыргызстанга келгенде кайра кетүү планы менен келчүмүн, бирок бул жолу андай ниет менен келген жомун. Буюрса Кыргызстанда калып эле иштейм го. 



Кыргыз элиме кааларым

Бул абалдан тезирээк ийгиликтүү чыгып кетүүнү, сабырдуулукту, биримдикте болууну тилейм. Карантиндик тартипти катуу сактап, дарыгерлердин ишин жеңилдетүүгө көмөктөшүүнү суранам. Биздин өкмөткө, тартип сакчыларына, дагыгерлерге жана дарыланып жаткандарга ден соолук, күч-кубат каалайм. Өзгөчө бизди карап жаткан Үй-бүлөлүк медициналык борборунун директору Айжамал Шамбетова жана врач Барчайым Сүйөркуловага ыраазычылык билдирем. 






 








Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн