Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 20:40
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кыргызстан кредиторлорго тышкы карызды тейлөөнү токтотуу жөнүндө расмий кайрылуу жөнөттү

23.07.2020 08:00
1041
Кыргызстан кредиторлорго тышкы карызды тейлөөнү токтотуу жөнүндө расмий кайрылуу жөнөттү


Үстүбүздөгү жылдын 15-апрелинде «Чоң 20» өлкөлөрүнүн Борбордук банктарынын финансы жана башкаруучу министрлери тарабынан «Чоң 20» жана Париж клубу тарабынан кабыл алынган жана Эл аралык валюта фонду менен Дүйнөлүк банк тарабынан колдоого алынган жакыр өлкөлөр (Кыргызстан алардын ичине кирет) үчүн карызды тейлөөнү токтотуу демилгеси жактырылган. 

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, бул демилгенин алкагында Кыргызстан эки жактуу кредиторлордун дарегине тышкы карызды тейлөөнү токтотуу жөнүндө расмий кайрылуу жөнөттү. 

Бүгүнкү күндө 2020-жылдагы карызды тейлөө боюнча төлөмдөрдү кийинки 3-4 жылга калтыруу жөнүндө бардык эки тараптуу кредиторлор (Сауд өнүктүрүү фонду, Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фонду, Франция Республикасы, Германия Федеративдүү Республикасы, Дания Королдугу, Корея Республикасы, Япония) менен макулдашууга жетишилди.

Анын ичинде өлкөнүн ири кредиторлорунун бири Кытай менен 2020-жылдын төлөмдөрүн токтотуу жөнүндө макулдашууга жетишилди. Учурда мөөнөтүн узартуу шарттары иштелип чыгууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн