Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 10:42
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кыргызстан күмүш сатууну кескин жогорулатты

26.12.2020 12:49
1506
Кыргызстан күмүш сатууну кескин жогорулатты


Кыргызстан 10 айдын ичинде 10 тонна 556 килограмм күмүштү экспорт кылган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.


Баалуу металлдын 220 килограммы Турцияга сатылган болсо, калганы Швейцарияга экспорттолгон. Экспорттолгон күмүштүн жалпы көлөмү 6,3 миллион долларга бааланат.


Мурдагы жылы ушул эле январь-октябрь айларында Кыргызстан 6,2 тонна күмүш экспорттоп, ал 3,1 миллион долларга бааланган. Сатып алуучу мамлекеттер: Турция, Швейцария жана Улуу Британия болгон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн